Алты жаштагы баланы издеш үчүн Чоң Чүй каналынан суу агызылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткени кабарланган алты жаштагы баланы издөө уланууда. Бул үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен келишип, каналдагы суунун деңгээлин азайтуу максатында суу кое берилди. Бүгүн издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Ага 70тен ашык куткаруучу тартылган.

Алар аймак-аймакка бөлүнүп, Чоң Чүй каналынын Москва районуна чейин издешүүдө. Азырынча жыйынтык чыга элек.

13-июлда Бишкектин Ленская көчөсүндө алты жаштагы бала ойноп жатып, каналга түшүп кеткени кабарланган. (BkA)