“Боорукер бол” медиа өнөктүгү башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 18-июлдан тартып ВИЧ оорулууларга карата стигманы жана басмырлоону жок кылуу максатын көздөгөн “Боорукер бол” (#БоорукерБол) аттуу медиа-өнөктүк башталат. Өнөктүк БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) колдоосу жана ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар институтунун демилгеси менен уюштурулуп жатат.

Ага Кыргызстандагы белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова жана теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков катышууда. Рыскулбеков ЮНЭЙДСдин Кыргызстандагы расмий ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-июнуна карата 8 323 адам ВИЧ оорусу менен катталган. Алардын 636сы өспүрүмдөр жана балдар. (КЕ)