Кыргыздын улуттук үйү болгон боз үйүнө таң бергендер, кызыккандар көп болду.
Фестивалды көрүү үчүн 100гө чукул чет элдик турист келди.
Кийизден жасалган буюмдар, чет элдик туристтердин көңүлүн бурду.
Кыргыз жигитинин бирден бир өнөрү - жаа атуу.
Конокторго боз үйдү тез тигүү да көрсөтүлдү. Анда көчмөндөр оюнунда боз үйдү эң тез тиккен, рекорд койгон Тоң районунун дал ушул балдары болгон.
Чет элдик туристтерди өзгөчө кыз куумай оюну кызыктырды.
Аркан тартыш оюну - чыныгы күчтүн көрсөткүчү.
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында этнофестиваль өттү. Бул иш-чара этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөйт.