Түркияда төңкөрүш аракетинин эки жылдыгы эскерилип жатат

Президент Режеп Тайып Эрдоган тарапташтарына кайрылып жатат. 15-июль, 2018-жыл.

Түркияда 250дөн ашуун кишинин өмүрүн алган төңкөрүш аракетинин эки жылдыгын эскерген иш-чаралар өтүп жатат. Жекшембинин кечинде Стамбулдагы Шейиттер көпүрөсүнүн жанында миңдеген киши чогулган жыйынга түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышты. Ал "төңкөрүш аракетин уюштурган" деп ушу тапта АКШда жашап жаткан түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылын кайрадан айыптап, Түркия бул уюмга каршы тура алганын айтты.

Гүлен түрк бийлигинин мындай дооматтарын четке каккан. Эки жыл мурунку төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 120 миңден ашык адам Гүлендин кыймылына "байланышы бар" деген негиз менен кызматтан алынган же жоопко тартылган.

9-июлда Эрдогандын президенттик кызматка кайра кириши менен Түркияда өзгөчө абал тартиби жоюлду. Мындай кырдаал 2016-жылдын июль айында киргизилген.

Түркияда бир жыл мурда референдум аркылуу Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр да күчүнө кирди. Ага ылайык, премьер-министрлик кызмат жоюлуп, Эрдоган аткаруу бийлигин да өз колуна алып, жаңы өкмөттүн курамын жарыялады.