Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн иш табуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн "Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги жана жумуш табуу мүмкүнчүлүгү" деп аталган жыйын өттү.

“Булан” институту уюштурган иш-чарада медресени аяктаган балдардын келечеги талкууланды. Жыйынга катышкан теолог Маметбек Мырзабаев өлкөдө медреселердин статусу жана миссиясы белгисиз экенин билдирди. Анын айтымында, медреселерди диний курс же окуу жай катары кароо так аныктала элек.

Кыргызстандын мыйзамдарында медреселер диний уюм катары сыпатталган жана алар түздөн-түз Мусулмандар дин башкармалыгына баш ийет. Медреселердин окуу программасын Аалымдар кеңеши бекитет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда ислам багытында билим берген 114 диний окуу жайы бар. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлору. (KR)