Футбол-2018: Франция дүйнө чемпионатын жеңди

Франция дүйнө чемпионатын жеңди. Москва. 15-июль, 2018-жыл.

Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өткөн финалдык таймаш 4:2 эсебинде француздардын пайдасына аяктады.

Оюндун 18-мүнөтүндө Хорватия командасынын оюнчусу Марио Манжукич биринчи голду өз дарбазасына башы менен киргизип алып, атаандашына пайда алып келди. 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңөөгө жетишти. 38-мүнөттө Антуан Гризман тепкен пенальтиден кийин француздар алдыга чыгышты. 2-таймдан соң Поль Погба (59) жана Килиан Мбаппе (65) гол киргизип франциялыктардын артыкчылыгын бекемдеди. 69-мүнөттө Марио Манжукич Хорватиянын эсебине 2-голду жазды. Франциянын курама командасы туура 20 жыл мурда, 1998-жылы биринчи ирет мундиалды жеңген.

Франциялык Килиан Мбаппе "мыкты жаш оюнчу", хорватиялык Лука Модрич "мыкты оюнчу" аталып "алтын топ" алса, Бельгиянын дарбазачысы Тибио Куртуа "мыкты дарбазачы", англиялык Харри Кейн алты гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталып, "алтын бутсы" алды.

Франция 2006-жылы финалда италиялыктарга жеңилген. Хорватиянын командасы биринчи жолу финалда ойноду. Аталган команда 1998-жылы болгон дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Быйылкы чемпионаттын коло байгесин Белгия командасы алды. 14-июлда өткөн оюнда Белгия Англиянын курама командасын 2-0 эсебинде жеңген.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 657 миллион долларды түзөт. Бул төрт жыл мурда Бразилияда өткөн мундиалга салыштырганда 181 миллион долларга көп. 1-орунга 38 миллион доллар берилет. 2-орунга 28 миллион доллар тапшырылат. 3-орун 23 млн доллар алат. Байгелер жалпысынан финалдык бөлүккө катышкан 32 команданын ар бирине, ээлеген орундарына жараша тапшырылат. (EzK/ECh)