Трамп: Британия менен АКШнын алакалары аябай бекем

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Британия менен Американын алакасы "абдан, абдан бекем" экенин айтты. "Sun" басылмасында 13-июлда жарык көргөн маекте Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Евробиримдиктен чыгуу саясатын ачык сындаган. Ал Мэйдин планы Кошмо Штаттар менен түзүлгөн бардык соода келишимдерин "өлтүрүшү мүмкүн" деп айткан.

Бирок Мэйдин Чекерстеги резиденциясында жасаган билдирүүсүндө Трамп президент катары Британияга жасаган биринчи сапарында ал жана Мэй алакаларды буга чейин болуп көрбөгөндөй өнүктүрө алышканын айтты.

Ушул эле күнү Британияда Трампка каршы бир нече саясий акциялар өттү.

Ошондой эле "Sun" басылмасы менен болгон маегинде Трамп Лондондун мэри Садик Ханды калаада жасалган террордук чабуулдарга каршы жетиштүү күрөшпөй жатканы үчүн күнөөлөп, Европа миграциянын айынан "өз маданиятын жоготуп жатканын" кошумчалады.