Сенцовдун энеси Путинден уулуна ырайым берүүнү суранды

Олег Сенцовдун бошотулушун талап кылган акциядан тартылган сүрөт. Киев. 8-июль, 2018-жыл.

Орусияда террорчулукка байланыштуу айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган украиналык режиссер Олег Сенцовдун энеси орус президенти Владимир Путинге кайрылып, уулуна ырайым берүүнү өтүндү.

- Сизди Олегдин актыгына ынандыргым келбейт, бирок мен өзүм буга толук ишенем. Ал эч кимди өлтүрбөгөнүн гана айта алам. Ал төрт жыл абакта отурду. Аны балдары күтүп жатышат. Кенже уулу аутизм менен жабыркайт. Алар атасын сагынып жатышат. Алар эч качан атасыз бактылуу боло алышпайт, - деп жазган Людмила Сенцова Путинге жазган катында. Кайрылуунун толук тексти "Эхо Москвы" радиостанциясынын сайтында жарыяланды.

Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап отурат. Ал Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылууда.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы жазында кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Эл аралык уюмдар жана Батыш мамлекеттери Кремлден Сенцовду токтоосуз бошотууну талап кылып келишет. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сенцов президенттин өзүнөн ырайым сураса гана кечирилиши ыктымал экенин кыйыткан. Сенцов мындай кадамга баруудан баш тарткан. 13-июлда Олег Сенцов 42 жашка толду.