Ибраимов: Мени иштен алуу - саясий буюртма (видео)

Албек Ибраимов. Мурдагы сүрөт.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине комментарий берип, аны саясий буюртма катары баалады. Ал бул тууралуу “Фейсбуктагы” расмий баракчасындагы кыскача видео кайрылуусунда айтты:

- Биринчиден, Бишкек шаарынын тургундарына жакшынакай мезгилде иштегенге колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирем. Экинчиден, калаадагы муниципалдык кызматтагы кызматкерлерге да ыраазычылык айтам, шаарды өнүктүрүү боюнча жакшы иштерди ишке ашырууда силер менен бирге иштешкениме сыймыктанам. Тилекке каршы, Бишкек шаардык кеңешинде болгон бүгүнкү чечим тууралуу мен кеч кабардар болуп калдым. Анткени мен үч күнгө тоого чыгып кеткен болчумун. Бирок бүгүнкү чыгарылган чечим саясий буюртма деп эсептейм. Бул маселе боюнча кийинчерээк “Фейсбуктан” дагы түз эфирге чыгып, көбүрөөк комментарий берем, - деди Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кезексиз сессияга чогулуп, сессияга катышкан 40 депутат бир добуштан мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдогон. Чукул чогулуунун себебин шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Кененбаев Бишкек шаарындагы саясий абал, мэриянын иши, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштери менен түшүндүргөн. Депутаттардын бул чечимин премьер-министр жактырса, мэр иштен алынат.

Шаар башчы Албек Ибраимов өзү жыйынга катышкан жок. Жыйындын башында вице-мэр Бакыт Дүйшенбиев мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирген.

Буга чейин биринчи вице-мэр Ренат Макенов Бишкектин №12 кичирайондогу 3,38 гектар жерди "мыйзамсыз бөлгөн" деген негизде камалган. Аны менен кошо мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да камакка алынган.

Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке каккан. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. (EBm\ErN)