Бишкек шаардык соту Мавлян Аскарбековдон айыппулду алып салды

Мавлян Аскарбеков.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы "Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго чыккан Биринчи май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, ага салынган айыппулду алып салды. Бул тууралуу Аскарбеков өзү “Азаттыкка” билдирди.

Сот ошондой эле Аскарбековдун чет жакка чыгышына тыюу салган чечимди жойду. Ал эми райондук соттун аны күнөөлүү деп тапкан чечими күчүндө калды. Мавлян Аскарбеков бул чечимге макул эмес экенин айтып, Жогорку сотко даттанаарын айтты.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго коюлган айып боюнча аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 000 сом төлөөгө милдеттендирген. Аскарбеков чечимге нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылган. Ал өз арызында ошондой эле иштин мөөнөтү өтүп кеткени үчүн кыскартууну талап кылган.

Башкы прокуратура ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) менен кылмыш ишин козгогон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталган. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап, "бийликти күч менен басып алууга чакырык болгон эмес" деп корутунду чыгарышкан.

Аскарбеков дагы бир иш боюнча депутат Дастан Бекешов менен соттошуп, утулуп калган. Анда сот аны “Фейсбук” баракчасындагы депутатты сындаган пикирин өчүрүп, кайра андан социалдык тармактарда кечирим суроого милдеттендирген.

Мавлян Аскарбеков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөн активисттердин бири. (ErN)