Кыргызстанда салык чогултуу көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын январь-июнь айларында 37 млрд 512,8 млн. сом өлчөмүндө салыктар менен төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу маалымат ушул мекемеден алынды.

Мамлекеттик салык кызматы ырастагандай, бул көрсөткүч жыл башында жарым жылдык үчүн коюлган план 101,3 % аткарылганын түшүндүрөт.

Ал эми 2017-жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 млрд. 881,1 млн. сомго же 11,5 % жогорулаган. (ErN)