Бишкекте аялдаманы айтып туруучу система иштей баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коомдук автоунаанын жүргүнчүлөрүнө аялдамаларды айтып туруучу система иштей баштады.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, алгач пилоттук долбоор №42 автобуста ишке ашырылат. Кийин башка автобустарга жана троллейбустарга да орнотулат.

Аялдамалар тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде автоматтык түрдө жарыяланып турат, ага айдоочунун тиешеси болбойт.

Долбоорду ишке ашырууга "Inobi" компаниясы көмөк көрсөтүүдө. Буга чейин аталган компания айрым автобус-троллейбустарга бекер Wi-Fi өткөрүп берген. (RK)