Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Таластагы иш сапарында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин жабылышы боюнча элдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ал 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөштү талкуулаган жыйыны өткөнүн эске салды. Президент Коопсуздук кеңешинин ошондогу чечими менен прокуратура кызматтык, экономикалык жана коррупция боюнча мурда токтотулган кылмыш иштерин иликтеп чыкканын айтты. Ал жалпы 3408 кылмыш иши иликтенгенин, анын 2262си токтотулган жана 1146сы кыскартылган кылмыш иштери экенин белгиледи.
Президенттин билдирүүсүндө, булардын ичинен токтотулган 498 жана жабылган 85 иш боюнча тергөө калыбына келтирилген. Анын жыйынтыгында 51 ишти сотко жиберүү, алты ишти тергөөнү токтотуу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган. Арасында Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши да бар.
Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын билдирди.
Мурдагы ички иштер министрине 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери менен козголгон кылмыш иши “кылмыштын аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганы белгилүү болгон. (NT)