ММК: Нетаньяху Путинден Сириядан «Иранды чыгарууну» суранды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен орус президенти Владимир Путин Москвада жолугушууда, 11-июль, 2018-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху орус президенти Владимир Путин менен шаршембиде Москвада жолукканда, "эгер Ирандын армиясы Сириядан чыгып кетсе, президент Башар Асаддын бийликте калышына каршы болбой турганын" билдирген.

Бул тууралуу «Reuters» агенттиги Израилдин жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Нетаньяху Путинге: «Сиз ирандыктардын чыгып кетишине жардам берсеңиз, биз Асаддын режимине каршы эч кандай аракет кылбайбыз» деп айткан. Бирок бул маалымат расмий бышыктала элек.

Кремлдин интернет-сайтында Нетаньяху Путин менен сүйлөшкөндө Израил үчүн Ирандын Сирияда турушу жөнүндө маселе талкууланганы айтылат.

Кийинки айларда Израил Сириядагы ирандык аскерлер турган жайларга бир нече жолу чабуул койгон. Маалымат каражаттары Сириядагы Ирандын күчтөрү тууралуу маселени Хелсинкидеги жолугушууда АКШ менен Орусиянын президенттери да талкуулашарын жазып чыгышты.