Башкы прокуратура: Бажычылар 25 млн. сомду кымырып алган

Чек арадагы бажы көзөмөлү. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Бажы кызматынын Түндүк-Чыгыш бажы бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-315-беренелери (“Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси кабарлады.

Тергөө учурунда аныкталгандай, алар бажы жана бюджеттик мыйзамдарды дайыма бузуп келген. Тагыраагы - эки фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтер аркылуу ташылып келген товарларга бажы төлөмдөрүн жашырып келишкен. Фискалдык органдардын текшерүүсүнөн он бажы декларациясында товарлар үчүн каражаттар бюджетке түшпөй калганы такталган.

Мындай жол менен быйыл апрель айынан июнь айына чейин эле мамлекетке 25 млн сом зыян келтирилгени аныкталды. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жыл башынан бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн бир нече кызматкерине коррупция боюнча он чакты кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) козгогон иштер быйылкы жана мурдагы жылдардагы мыйзам бузулган учурларды камтыйт. Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев жана Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев камакка алынган. (ErN)