Жалал-Абадда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

11-июлда саат 21:34тө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, жердин силкиниши Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3,5, Токтогул шаары менен Торкент айылында 3, Кара-Көл шаарында 2,5 балл болуп сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.