Ташылып келген машинелердин бажы төлөмү кайра азайтылды

Бишкектеги автоунаа базары.

Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү азайтылып, электромобилдерге нөлдүк төлөм коюлду. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга ылайык, бензин жана дизелдик автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү коюмунун өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейин төмөндөтүлөт.

Мындан тышкары, гибриддик автоунааларга 1 куб.см үчүн 0,5 доллардан 0,6 АКШ долларына дейре өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет. Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.

Бул чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана Кыргызстандын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып келүүнү колдоого багытталган.

Жаңы эрежелер 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Буга чейин Экономика министрлиги бул токтом ЕАЭБдин эрежелерине каршы келбей турганын кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар.

Кыргызстан мурда Бажы Биримдигине, азыркы Евразия Экономикалык Биримдигине 2015-жылы киргенден кийин сырттан ташылып келген машинелердин бажы төлөмү жыл сайын көтөрүлө баштаган эле. (ErN)