Жыл башынан бери жол кырсыгынан 263 адам өлдү

Бишкек-Ош жолундагы авто кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында 2396 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынан 263 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 3461 адам болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыдан аз.

- Кырсыктардын саны былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу 7,14% аз. Каза болгондордун саны 15,7% аз. Бул алдын алуу иштеринин натыйжасы деп ойлойбуз. Быйыл башкармалыктын расмий сайты ачылып, коомчулук менен байланыш жеңилдеди. Мектептерде, окуу жайларында жол эрежери тууралуу сабактар өткөрүлүп жатты, - деди Тилек Оторов.

Кыргызстан - жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп. (AiA\ErN)