Дүйшөмбү күнү Мадридде Испания менен Каталония автономиясынын лидерлеринин жолугушуусу өттү. Бул былтыркы күздөгү саясий кризис - автономиянын көз карандысыздыгы жөнүндөгү талаштуу референдумдан кийинки биринчи жолугушуу.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес автономиялык аймактын башчысы Ким Торре менен болгон жолугушууда “Испанияны нормалдуу жашоого алып келүү үчүн биринчи кадам ташталганын” белгиледи.
Социалист Санчес премьер-министрлик кызматка өткөн айда, парламент мурдагы өкмөт башчы Мариано Рахойго ишеним көрсөтпөй койгондон кийин келген.
Рахой Каталония көз карандысыздыгы жөнүндө өткөн талаштуу референдумдан кийин автономиялык аймактагы жикчилдер менен сүйлөшүү жүргүзүнү такыр четке каккан жана Мадридден түз башкаруу киргизген. Түз башкаруу абалы кийин өткөн парламенттик шайлоодон соң гана алынган.
Испания өкмөтү былтыркы референдумду мыйзамсыз жана антиконституциялык деп эсептеген. Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссия да референдумду мыйзамсыз деп атаган.
Испаниянын азыркы премьери Педро Санчес – бирдиктүү Испанияны жактайт жана автономиялык аймак менен диалог жүргүзүүгө болот деп үмүттөнөт.
Жолугушуунун алдында чыккан маалыматка караганда, Ким Торра анда Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу маселени коюу ниети жоктугун билдирген. Испан өкмөтүнүн өкүлү тараптар Мадрид менен Барселонанын ортосундагы маселелерди чечүү үчүн эки тараптуу комиccиялардын ишин жандантууну макулдашкан.