Жардамга кеткен тик учак Ысык-Көлдө кырсыктаган тик учакта болгон алты адамды Бишкек шаарына алып келди. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, алты кишинин төртөө жабыр тарткандар. Алардын абалы канааттандырарлык экенин дарыгерлер ырасташкан. Ага карабай жабыркагандар ооруканага жаткырылды.
Бүгүн эртең менен Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап түшкөн. Альпинисттерди куткарыш үчүн барган тик учак кабылган кырсыктан төрт адам жабыркаган, курмандыктар болгон эмес. Андан кийин альпинистти жана куткаруучуларды алып келиш үчүн Ысык-Көлдөгү тик учак кулаган жерге дагы бир тик учак жөнөтүлгөн эле.
Ал эми кырсыктаган тик учактын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Аны алып эвакуациялаш үчүн Казакстанда да бир тик учак жардамга келген эле. (ErN)