Англияда “Новичок” затынан ууланган аял көз жумду

Адистер Дон Стёрджес менен Чарли Роули жашаган үйдү тазалап жатышат. Эймсбери. 6 июль, 2018-жыл.

Эймсбери шаарынын тургуну, 44 жаштагы Дон Стёрджес Солсбери шаарындагы ооруканада каза тапты. Аны менен кошо ууланган Чарли Роули азыр ооруканада, абалы оор.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй каза болгон аялдын туугандарына көңүл айтканын "Sky News" телеканалы кабарлады.

Дон Стёрджес 30-июнда Солсбери шаарындагы ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Ошол эле күнү бир нече сааттан кийин Чарли Роули да бейтапканага түшкөн.

"Porton Down" химиялык лабораториясынын адистери өткөн шаршембиде "экөө тең “Новичок” химиялык затынан ууланган" деген тыянак чыгырышкан. Британ полициясы Стерджестин өлүмүнөн кийин “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин ачты.

Быйыл мартта Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия да СССРде жасалган “Новичок” заты менен ууланып, дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калышкан.