ЕБ жана ЮНИСЕФ миграциядан жабыр тарткан балдарга көмөктөшөт

Балдар үйүндөгү ымыркай

Европа Биримдиги (ЕБ) жана ЮНИСЕФ Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да, миграциядан жабыр тарткан балдарды коргоо боюнча жаңы программаны ишке киргизип жатат.

Жакынкы үч жыл аралыгында, мигранттардын балдарына укуктук, маалыматтык жардам көрсөтүлѳт.

Европа Биримдиги 42 айга созула турган бул программаны ишке ашыруу үчүн 800 миң евро бөлөт.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы балдардын 11 пайызы, башкача айтканда 259 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. (BCh)