7-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 34...39,
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 33...38,
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 17...22, күндүз 34...38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 28...33 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 36…38 градуска чейин ысыйт.