Өзбекстанда аялды кордогон милиционерге кылмыш иши козголду

Милиция бөлүмүндө кордолгон аял.

Өзбекстанда акча уурдоого карата шектүү аялды чечинтип, кордогон милиция кызматкери суракка алынганын “Азаттыктын” өзбек кызматынын атын атагысы келбеген булагы билдирди. Ал 4-июлда Каттакурган шаарына облустук прокуратура менен ИИМдеги атайын инспекциянын өкүлдөрү келип, милиция кызматкери Санат Умаровду түнү менен суракка алышканын айтат.

- Эртең менен Умаровду облуска алып кетишти. Жабыркаган аял ушул жерде. Атайын инспекция менен облпрокуратура кызматкерлерине көрсөтмө берип жатат, – деди Каттакурган милициясынын кызматкери.

4-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Умаровго «Кызмат укуктарынан аша чабуу» беренеси менен кылмыш ишин козголгонун, бөгөт чарасы каралып жатканын маалымдаган.

"Базардан акча уурдады" деп шек саналган аял мазакталып жаткан видео «Азаттыктын» өзбек кызматынын сайтына 5-июлда жарыяланган. Кадр сыртындагы эркек киши аялга чечинүүгө буйрук берип, сөгүп жатканы угулат. Удаа эле милиционерге жалбарып жаткан дагы бир аялдын үнүн угууга болот. Кийин ал шаар милициясынын кызматкери Санат Умаров экени такталган.