Орусиялык “Русгидро” ишканасы Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна аудит жүргүзүү боюнча билдирүүсүн төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу аталган ишкананын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Анда Марипов маалымат каражаттарына “Русгидро” Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча аудит жүргүзүүнү пландап жатканы тууралуу билдиргени жана компаниянын мындай сунуш менен эч качан чыкпаганы айтылат.
“Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча өкмөт аралык келишимде эл аралык аудитти жүргүзүү каралган эмес”, деп айтылат билдирүүдө.
“Русгидро” ишканасы бул долбоорго кетирген чыгымдар документтер менен бышыкталган жана өкмөт аралык келишимдин шартына ылайык төлөнүшү керек экенин эскерткен.
Ошондой эле орусиялык ишкана кыргыз тарап менен конструктивдүү диалогго жана карызды төлөөнүн бардык варианттарын талкуулоого даяр экенин кошумчалаган.
2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны "Интер РАО" ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын "Русгидро" курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келатат. Буга чейин бересе кайтарылбаса, орус тарап эл аралык арбитражга кайрылаарын эскерткен. (BkA)