Орусия Сириянын түштүк-батышына абадан сокку ура баштады

Сириянын Дера шаары. Архивдик сүрөт.

Сириянын түштүк-батышында өлкө президенти Башар Асаддын бул аймактагы бийликти калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрү натыйжасыз болгондон кийин аба чабуулдары кайрадан башталды.

Тафаста, Дерада жана Сайда шаарында абадан сокку урулду. Бул тууралуу Адам укуктарына көзөмөл жүргүзгөн сириялык топ маалымдады.

Сирия президенти Башар Асад орусиялык авиациянын көмөгү менен өлкөнүн түштүк-батыш аймагына чабуул коюп келет. Алардын максаты – бул аймакты оппозициялык топтон тартып алуу. Укук коргоочулар шаршемби күнү Сайда шаарына бомба ташталганын кабарлашты.

Оппозиция өткөн ишембиде согушту токтотуу жөнүндө Орусия менен сүйлөшүп, макулдашууга жетишүүгө аракет кылган. Бирок тараптар орток чечимге келе алышкан эмес.

“Эркин Сирия армиясы” фракциясынын өкүлү "Reuters" агенттигине “орусиялык тараптын оор курал-жаракты өткөрүп берүү боюнча олку-солку мамилесинен улам ” макулдашуудан майнап чыкпай калганын айтты. Козголоңчулардын дагы бир мүчөсү Орусия бардык курал-жаракты бир мезгилде толук өткөрүүгө жетишүүнү максат кылгандыктан сүйлөшүү оңунан чыкпаганын, оппозиция аны түмөндөгөн жер которгон качкындар мекенине кайткандан кийин акырындык менен өткөрүп берүүнү көздөгөнүн белгиледи.

Ишембидеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунда козголоңчулар Орусия койгон шартка макул болбой кетип калышкан. Кийинчерээк алар Иорданиянын ортомчулугу менен кайра сүйлөшүүгө кайтканын расмий булактар билдиришти. Өткөн ишембиде Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, чабуул токтобосо Сириянын түштүгүндө гуманитардык апаат болорун билдирген.