Германия ооганстандык 69 качкынды өлкөдөн чыгарды

Германиядан башпаанек албай калган ооганстандыктардын Кабулга келген учуру. Сентябрь, 2017-жыл.

Германия өлкөдөн чыгарылган 69 ооганстандыктын башкалка берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай, мекенине депортациялады. Алар түшкөн учак 4-июлда Мюнхенден Кабулга келди.

Бул - 2016-жылдын декабрында Германиядан Ооганстанга депортация максатында түз аба каттамдары ачылгандан берки качкындарды массалык кайтарган биринчи учур. Немис бийлиги башпаанек берилбеген чет элдиктерди өлкөдөн тез арада чыгаруу аракети башталаарын билдирип жатат.

Акыркы жылдарда Германиядан негизинен кылмыш кылгандар чыгарылып келген. Жапырт депортация 2017-жылдын мартында Германиянын Кабулдагы элчилигинин алдында мина шыкалган машине жардырылгандан кийин токтотулган. Ал кездеги жардыруудан 90дон ашуун киши каза болуп, 400гө жакыны жараат алган.

Ошол эле жылы сентябрда Германия террорчулукка шектүүлөрдү, кылмышкерлерди жана керектүү документтерин бербеген кишилерди депортациялоону калыбына келтирген.