Марипа Алыйкулова: Мискенбаев күнөөсүн мойнуна алган аудио тасма бар

Марипа Алыйкулова.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевге каршы арыз жазган Марипа Алыйкулова анда аудио тасма жазылган диск бар экенин жана тасмада Мискенбаев "Кыргызкөмүрдөн" акча кымырып алганын өз оозу менен айтып жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Былтыр 2017-жылы мага диск келип түшкөн. Дисктеги аудио тасмада Мээрбектин сүйлөгөн сөзү бар. Ал "Кыргызкөмүрдү" жеген жокмун" деп жатпайбы. Аудио тасмада ал "ооба, мен жеп койдум, жебеген жердин астында" деп айткан сөздөрү жазылган. Буга чейин эле мага коркутуп-үркүтүү болуп жаткан. Ошондон кийин мен аягына чыгайын деп, президентке кайрылдым. Бул жерден Финполиция Мискенбаевди өзүнүн сүйлөгөн сөзүнөн кармады. Аны тастыктоочу документтер да пайда болду.

Марипа Алыйкулова мындан эки жыл мурда "Азаттыкка" арызданып келген. Анда Мээрбек Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынан баасы 2 миллион сомдон ашык көмүрдү апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары алганын, бирок көмүр сатылып, акчасы кымырылып кеткенин айтып чыккан.

Мээрбек Мискенбаев өзү "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешип жатып, ага козголгон кылмыш иштин саясий өңүтү бар экендигин билдирип, аны президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун дарегине айтылган билдирүүгө байланыштырган.