Өзбекстан кыргызстандык айдоочуларга өз талаптары тууралуу эскертти

Кыргы-өзбек чек арасы.

Өзбекстан кыргызстандык айдоочуларга бул өлкөдөгү айрым талаптар тууралуу эскертти.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, Өзбекстандын аймагына өзүнүн автомашинеси менен өтө турган кыргызстандык айдоочулар айрым талаптарды эске алышы керек.

Анын негизгиси – терезелери караңгылатылган машинелер чек ара бекетинен өткөрүлбөйт. Мындай талап Өзбекстандын жол коопсуздугун тескеген мыйзамдарында жазылган.

Автоунаанын алдыңкы, капталындагы жана арткы айнектеринин жарык өткөрүүсү 70 пайыздан аз болушуна тыюу салынат.

Бул талаптар аткарылбаса өзбек чек арачылары автомашинаны камап коюуга укуктуу.

Эки тарапка каттам татаалдашкан жети жылдай убакыттан кийин былтыр күзүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттери толук ачылган. (RK)