Тик учак жоктугунан тоо туризми токтоп калышы мүмкүн экени айтылууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Тик учактын жоктугунан Кыргызстанда быйылкы туризм сезону аброюн жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясынын өкүлү Алтынай Мусабаева кабарлады. Анын айтымында, эми куткаруучу операцияларды жүргүзүү мүмкүн болбой калганы туристтерди качырат:

- Кыргызстан тоолуу республика болгондуктан туристтик маршруттардын көбү тоолуу аймактардан өтөт. Азыр трекинг жана альпинизм багыттары жакшы өнүгүп, туристтердин арасында популярдуу болуп келе жатат. Бирок Кыргызстан тоодо жүргөн туристтердин коопсуздугун камсыз кылышы керек. Тик учак, биринчиден, коопсуздукту камсыз кылуу, экинчиден туристтерди тоолуу аймактарга таштоо үчүн зарыл. Бир да жарактуу тик учак калбай калгандыктан Башкы штаб бизге быйыл техника бере албай калды. Азыр туристтик сезон ортолоп калды, бардык турпрограммалар сатылган. Эми келген туристтер "Кыргызстан коопсуздукту камсыз кыла албайт экен" деп, бизди "кара тизмеге" киргизип коюшу мүмкүн.

Мусабаева белгилегендей, туристтерди Хан-Теңири жана Жеңиш (Победа) чокуларына тик учак менен ташып келүүгө Казакстан макул болуп, бирок Башкы штаб "чет элдик учактар Кыргызстандын аймагына кирбеши керек" деп уруксат бербей койгон.

Бүгүнкү күнгө чейин 18 өлкөдөн беш миңдей турист тоо программаларына кызыгып, арыз берди. Жыл сайын туристтик сезон учурунда дээрлик отузга чейин куткаруучу операция жүргүзүлөт. (KR)