ШКУ мамлекеттеринин аудиторлорунун саммити өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин аудит органдарынын жетекчилеринин саммити болот. Кыргызстандын Эсеп палатасы билдиргендей, жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болмокчу.

Анда мамлекеттик аудиттин ишиндеги маселелер, бюджет каражаттарынын сарпталышы боюнча натыйжалуу ишке жетишүү, аталган органдын мамлекеттин социалдык саясатындагы орду талкууланат.

Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. (NT)