Орусия аркылуу Украинадан Кыргызстанга товар ташууга чектөө узарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинанын өндүрүмүн өз аймагы аркылуу Казакстанга жана Кыргызстанга ташууну чектеген санкцияны дагы жарым жылга узартты. Тиешелүү жарлыкка орус президенти Владимир Путин 2-июлда кол койду.

Мурдагы чектөөлөрдүн мөөнөтү 30-июнда бүткөн. Азыркы санкциялар 2019-жылдын 1-январына чейин жарактуу.

2015-жылдын декабрында Орусия Украина менен соода карым-катнашын чектеген бир катар чечимдерди кабыл алып, КМШ алкагында бул өлкө менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимди токтоткон. Натыйжада Украинадан Орусия аркылуу товар ташууга 2016-жылы 1-январынан тартып тыюу салынган. Украина буга жооп иретинде орусиялык товарларга импорттук төлөм киргизген.

Расмий Киев Орусия өз аймагы аркылуу Украинадан товар ташууга бөгөт коюу менен Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузганын билдирип келет.