Киев "украиндерге алмашабыз" деген 23 орусиялыктын атын атады

Ирина Геращенко.

Украинанын Жогорку Радасынын вице-спикери Ирина Геращенко расмий Киев Орусияда кармалып турган украиналыктарга алмаштырууга даяр болгон 23 орус жаранынын атын атады.

“Булар Одессада, Харьковдо, Киевде, Херсондо, Тернополеде теракт даярдоого жана Донбасстагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталып соттолгондор. Андан тышкары, учурда сот иши жүрүп жаткандар бар", - деди Ирина Геращенко.

Бүгүн аты аталгандардын арасында украин аскерлери 2017-жылы июнда Лугансктын жанында колго түшүргөн Виктор Агеев да бар. Агеев армияда келишимдик негизде кызмат өтөй баштагандан кийин эле аны Донбасска жиберишкенин билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги "Агеев аскер кызматкери" деген маалыматты төгүндөп, армиядан 2016-жылы майда бошотулганын кабарлаган.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин эсебинде саясий негизде Орусияда 24, аннексияланган Крымда 40 украин жараны жазасын өтөп жатат.

Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Ошол жылы Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен украин өкмөтүнүн ортосунда уруш тутанып, ушул кезге чейин андан 10 миңден ашык адам көз жумду.