Пакистан ооган качкындарын мекенине жөнөтүү ишин дагы артка жылдырды

Ооганстан менен Пакистандын чек арасы.

Пакистан өкмөтү эки миллиондой ооган качкынды мекенине кайтаруу мөөнөтүн дагы бир жолу узартты. Премьер-министрдин кеңсеси өкмөт каттоодон өткөн качкындарга дагы үч ай убакыт берүүнү чечкенин билдирди. Демек бул маселени 25-июлда өтчү парламенттик шайлоодон кийин келе турган жаңы өкмөт карамакчы.

Былтыр Исламабад "оогандык качкындардын баары өз жерине кайтууга тийиш" деп жарыялаган, бирок аларды кайтаруу мөөнөтү үч жолу узартылган.

Оогандыктар 1979-89-жылдары советтик аскерлер менен болгон согуштан тартып кошуна өлкөдө баш калкалап келишти. Кийин бийликке “Талибан” кыймылы келгенден кийин да Пакистанда калышкан. Азыр да Кабул өкмөтү менен согушерлердин урушу уланып, кырдаал көпчүлүк аймактарда кооптуу бойдон калууда.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, ушул тапта ыктыярдуу көчүп кетүү программасына 1,4 миллион ооган камтылганын билдирди. Ошол эле маалда ооган бийлиги алардын баарын кабыл алууга азыр даяр эмес экенин билдирип келе жатат.