БШК: Бахадыр Сулейманов 2010-жылы казак жарандыгынан чыккан

Бахадыр Сулейманов.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун казак жарандыгы 2010-жылдын 13-августунда токтотулуп, ал Кыргызстандын жарандыгын алган.

Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Мекеменин маалыматында бул маселе 2014-жылы көтөрүлгөнү, ошондо Казакстандын тиешелүү мекемелерине кайрылуу жиберилгени жана жогорудай жооп келгени айтылат.

Айрым маалымат каражаттары жакында Сулейманов Казакстандын жараны экенин айрым документтерге таянып жазып чыгышкан. (RK)