Вашингтондо полиция 600дөй адамды камакка алды

Сенаттын имаратынын ичиндеги демонстранттар. 29-июнь, 2018-жыл.

Мигранттардын үй-бүлөсүнө карата президент Дональд Трамптын мамилесине нааразы болгон жүздөгөн аялдар АКШ Сенатынын имаратынын ичинде нааразылыгын билдирген соң полиция аларды камакка алды.

Буга чейин өкмөттүн мигранттар боюнча саясатына байланыштуу демонстрациялар өлкөнүн ар кайсы жерлеринде өткөн. Натыйжада Мексикадан АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген мигранттардын балдарын ата-энелеринен бөлгөн талаштуу саясат токтотулган. АКШнын ар кайсы шаарларында демонстрациялар бүгүн да өткөнү турат.

Сенаттын имаратынын ичиндеги нааразылык акциясын “Аялдар жүрүшү”, “Элдик демократия үчүн борбор” деген солчул топтор уюштурган.

Вашингтондун полициясынын билдиргенине караганда, 575 адамга "Сенат имаратынын ичинде мыйзамсыз демонстрацияга барган" деген айып коюлду. Камалгандар иштери каралып, айыпка жыгылгандан кийин бошотулду. (UE)