Украинанын жана Орусиянын омбудсмендери абактагы украин режиссеру Сенцов менен жолугат

Олег Сенцовду колдогон акциялардын бири.

Украинанын омбудсмени Людмила Денисова жана анын орусиялык кызматташы Татьяна Москалькова Орусиянын Ямало-Ненецк аймагындагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан украиналык режисер Олег Сенцов менен жолугушат. Бул тууралуу Денисова 28-июнда "Фейсбук" баракчасына жазып, аймакка Москалькова менен бир учакта барышканын кабарлады.

15-июнда Денисовага, мурдагы жетишилген макулдашууларга карабай, Сенцов менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 44 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал Кремлге жиберген билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

Батыш мамлекеттери жана эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлигин Сенцовду бошотууга чакырышууда, ал эми “Мемориал” укук коргоо тобу аны "саясий туткун" деп жарыялаган.