Акаев: памирлик кыргыздарга көңүл бурулбай калды

Памирлик кыргыздар.

Парламенттин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга келген памирлик кыргыздарга өкмөт көңүл бурбай жатканын айтып чыкты. Акаев мындан улам эки үй-бүлө Памирге кайра кетүүгө камынып жатканын билдирди.

- Нарындын Куланак айылынан жер бөлүп берүү каралган экен. Бирок азыр бир топ маселелер боюнча өкмөт көңүл бурбай калыптыр. Нарындын элине жылуу тосуп алганы үчүн ыраазы экен. Бирок жер маселеси чечилбей жатыптыр. Жакында эки үй-бүлө кетүүгө камынып жатат. Анда бүтүндөй өлкө уят болобуз, - деди депутат.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы учурда Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. (TSh)