Сокулукта он жаштагы эгиз кыздарды катуу сабаган өгөй ата камалды

Өгөй ата кыздарды тарбиялоо максатында сабаганын айтууда.

"Өгөй атасынан зомбулук көрдү" деген 10 жаштагы эгиз кыздар Сокулук райондук ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттыкка” билдирди.

26-июнда Сокулук районундагы социалдык бөлүмдүн кызматкерлери эгиз кыздардын катуу сабалганын милицияга кабарлашкан. Денесинен жаракат алган кыздар ошол күнү ооруканага жаткырылып, факты боюнча териштирүү башталган.

Кылмышка шектүү катары кыздардын 35 жаштагы өгөй атасы камакка алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси ("Кыйноо") менен иш козголду. Сурак учурунда кыздардын өгөй атасы аларды тарбиялоо максатында зым менен сабаганын айтып берген.

Ал Сокулук районунда 2015-жылдан бери кыздардын 43 жаштагы энеси менен жарандык никеде жашап келет. (TSh)