Бишкек-Ош жолунда автоунаа сууга кулап, эки киши сууга агып кетти

Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

26-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында “Хонда Степ” үлгүсүндөгү машине Чычкан суусуна кулап, ичиндеги сегиз жүргүнчүнүн экөө сууга агып кеткен. Анын биринин сөөгү табылды, экинчиси дайынсыз болуп жатат. Алты киши Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Учурда окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө. (TSh)