Бишкекте түрк киносунун жумалыгы башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 26-30-июнь күндөрү Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кино режиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан беш тасмасын акысыз көрө алышат.

Маалыматка караганда, "Кызыл жоолук жалжалым", "Үй-бүлө арасында", "Сыя-көк мейкиндик", "Мазарчы", "Тоо-2" тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чаранын алкагында түрк режиссёрлору жана актёрлору күйөрмандары менен жолугушат.

Тасма жумалыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурууда. (КЕ)