Евробиримдиктин лидерлери качкындар боюнча тил табышкан жок

Германиянын канцлери Ангела Меркел. 21-июнь, 2018-жыл.

Жекшембиде Брюсселде өткөн миграция боюнча кезексиз саммитке Евробиримдиктин 28 өлкөсүнөн 16 өкүл катышты. Бирок качкындар маселесин чечүүдө орток пикир табылган жок.

Германиянын канцлери Ангела Меркел «бул маселелерди чечүү боюнча иш улана берерин» айтты. «Бүгүн бул маселе боюнча ажырымдан тышкары бир топ жакшы ниеттер айтылды, биримдик сезилди» - деди немис өкмөт башчысы.

Качкындар маселесин чечүүнү колдогон Меркел 28-29-июнда биримдиктин бардын мүчөлөрү катышкан саммит өткөрүүнү сунуш кылды.

«Вышеград төрттүгүнө» кирген Венгрия, Польша, Словакия жана Чех Республикасы Евробиримдиктин батышындагы мүчөлөрдүн, айрыкча Германиянын ар бир өлкө "мигранттардын квотасын» берүүгө милдеттүү деген шартынан улам Брюсселде болчу саммитке бойкот жарыялаган.

Меркел болсо биримдиктин бардык мүчөлөрүн тилектештикке үндөп, «мигранттар келип жаткан өлкөлөрдү жалгыз калтыра албайбыз, анткени алар бардык кыйынчылыктарды жөнгө сала албайт» деп айткан.

2015-жылдан бери Европага жүз миңдеген мигрант келген, алардын басымдуу бөлүгү - Сирия менен Ирактагы согуштан качкандар. Бул болсо биримдиктин ичинде мигранттарга каршы маанайдагы партиялардын таасирин арттырып, коомчулукка четтен келгендерди жектеген көз карашты жайылтып жатат.

Үч жыл мурункуга караганда Европага келгендердин саны азайганы менен тиреш дагы эле күчтүү. 2015-жылы бир миллиондон ашуун сириялыктар Евробиримдикке баш калка издеп кирген.