Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиядагы шайлоого байкоо салат

Жогорку Кеңештин эки депутаты Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салат.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, депутаттар Закир Шарапов жана Максат Сабиров Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) эл аралык байкоочу миссиясынын алкагында шайлоого көз салып жатышат.

Алар буга чейин шайлоого катышып жаткан партиялардын парламенттик топторунун өкүлдөрү жана Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы менен жолугушуу өткөрдү.

Түркияда ушул жекшембиде кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөнү турат. Азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганга беш талапкер атаандаш болот. Ушул шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт.(BkA)