Ельциндин күйөө баласы Путинге кеңешчи болду

Татьяна Юмашева жана Валентин Юмашев.

Орусиянын президенти Владимир Путин мурдагы президент, маркум Борис Ельциндин доорунда президенттик администрацияны башкарган Валентин Юмашевди коомдук кеңешчиликке дайындады. Путиндин буйругу бүгүн Кремлдин сайтында жарыяланды.

Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин күйөө баласы, мурдагы журналист Валентин Юмашев анын адмнистрациясын 1997-98-жылдары башкарган. Путин ал кезде Юмашевдин орун басары болуп иштеген.

2000-жылдын ноябрында Ельциндин кызы Татьяна Орусиянын биринчи президентинин кайрымдуулук фондун жетектеген. Валентин Юмашев ал фонддун түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Бир жылдан кийин Татьяна Ельцина жана Валентин Юмашев расмий үйлөнүшкөн.

2016-жылы Юмашев Кипрде катталган "Valtania" ("Валя + Таня") деген офшордук компанияга, "Москва-Сити" районундагы "Imperia Tower" мунарасынын жарымына ээлик кылары ачыкка чыккан.

"Imperia Tower" мунарасынын негизги кожоюуну - АКШ санкция салган орусиялык миллиардерлердин бири - Олег Дерипаска. Ал эми Юмашевдин биринчи никесинен төрөлгөн кызы - Полина Олег Дерипасканын жубайы. (UE)