БУУнун өкүлчүлүгү Токтонасыровдун өтүнүчүн четке какты

Муратбек Тунгышбаев Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна келген учур.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына казакстандык блогер, активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп чыккан активист Өндүрүш Токтонасыров кабарлады.

- "Силер эл аралык абройлуу уюм катары жардам бергиле, позицияңарды билдиргиле" деп кайрылдым. БУУнун өкүлү чыгып, "биз 2015-жылдан кийин качкын макамын берүүгө түздөн-түз кийлигише албайбыз, мыйзамдар ага жол бербейт" деп жооп берди. УКМК Мамлекеттик миграция кызматына "силер өз ишиңерди кыла бергиле, биздин ишке кийлигишпегиле" деген кара өзгөй мамиле кылып жатат деп ойлойм, - деди Өндүрүш Токтонасыров.

19-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Муратбек Тунгышбаевдин жактоочуларынын бири Нурбек Токтакунов айыпталуучунун Кыргызстандан башпаанек алуу укугу чектелип жатканын, жалпы ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Башкы прокуратура эмес, соттор карашы керек экенин айткан. Ал ошондой эле Кыргызстандын да, Казакстандын да мыйзамдарына ылайык Тунгышбаевди "кылмыш кылды" деп айыптоого негиз жок экенин билдирди. Натыйжада Тунгышбаевдин ишин кароо 25-июнга жылдырылган.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта УКМКнын тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган. (KR)