"Regnum" Борбор Азияны мындан ары "Туркестан" деп атайт

"Regnum" сайтындагы макаладан үзүндү.

Орусиянын мамлекеттик эмес "Regnum" маалымат агенттиги Борбор Азияны өз басылмаларында мындан ары "Туркестан" деп атай турганын билдирди. Бул тууралуу агенттиктин редактору социалдык тармактар аркылуу жарыя кылды.

"Туркестан" деген аталыш XIX кылымда колдонулуп келген. Андан соң бул аймак "Орто Азия" деп, учурда "Борбор Азия" деп аталып келет. "Борбор Азия" деген түшүнүктү алгачкылардан болуп немис географы Александр Гумбольдт киргизген.

Агенттик мындай чечимди аталыштын кыскалыгы жана ыңгайлуу экени менен түшүндүрдү. Бул демилге соцтармактарда ар кыл пикирлерди жаратты. (KR)