Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап жатат. Ага Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан кылмыш ишинин алкагында айыбы расмий угузулду. Соттун имаратына кирип баратып Сатыбалдиев күнөөлүү эмес экенин билдирди:
- Эч качан, эч качан күнөөмдү мойнума албайм. Мунун баары болбогон, ойдон чыгарылган нерсе.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган.
Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты-жөнү жарыяланган. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Сапар Исаковдун, депутат Осмонбек Артыкбаевдин жана башкалардын аты аталган. (КЕ)