Трамп иммиграция маселесин республикачылар менен талкуулады

Техас штатында мыйзамсыз иммигранттардын балдары үчүн түзүлгөн лагерь. 14-июнь, 2018-жыл.

АКШнын президенти Республикалык партиянын конгрессмендери менен шейшемби күнү кечинде Конгрессте жолукту. Трамп алардын мыйзамсыз иммигранттардын үй-бүлөлөрүн бөлүүнү токтоткусу келгенин толук колдой турганын айтты.

Администрациянын мыйзамсыз иммигранттардын балдарын ата-энелеринен бөлгөн акыркы чараларын Трамптын оппоненттери жана демократтар кескин сынга алышууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун АКШдагы кабарчысынын маалыматына караганда, Конгресстеги республикачылар азыр Эл өкүлдөр палатасынын кароосуна иммиграциялык кризисти жөнгө салыш үчүн эки мыйзам долбоорун коюуну көздөп жатышат.

Алардын бири мыйзамдын катаал, экинчиси мунасалуу варианты. Президент Трамп республикачыл конгрессмендер менен жолугушууда ал эки долбоорду тең колдой турганын билдирип, бирок мунасалуу долбоордун кабыл алынышына мүмкүнчүлүк көбүрөөк экенин айткан.

Мунасалуу долбоордо бир жагынан Мексика менен чек арада Трамп курууга убада берген дубалдын салынышына 25 миллиард доллар бөлүү, экинчи жагынан АКШга агылган мыйзамдуу миграцияны да чектөө каралган.

Ал эми катаал долбоор боюнча АКШ мыйзамсыз иммигранттарга карата “нөл сабырдуулуктан” баш тартат жана ата-энелери менен балдарын атайын жайларда өз-өзүнчө бөлүп кармайт.

Документте ошондой эле АКШга бала кезинде мыйзамсыз алынып келгендер же “Кыялкеч” (DREAMERs) деп аталгандар депортациядан корголуп, жарандык алуу укугуна 10-12 жылда гана ээ болору да жазылган. (UE)