Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында 20-июнда саат 8:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынын “Ошгаз” кеңсеси кабарлагандай, көгүлтүр отун оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпромуна” сатылып, “Газпром-Кыргызстан” түзүлгөн. Натыйжада "Ошгаз" ишканасы да "Газпромго" өткөн. (ErN)