Өзбек дипломаттары «Талибан» менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын согушкерлери, 16-тюнь, 2018-жыл.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги «Талибан» кыймылынын жогорку жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү үчүн тиешелүү байланыштар түзүлгөнүн расмий сайтына жарыялады.

Жолугушуулар качан жана кайда өткөнү тууралуу эч кандай маалымат айтылган эмес. Өзбек дипломаттары сүйлөшүүлөр 27-мартта Ташкентте өткөн Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда жетишилген макулдашуулардын аркасында уюшулганын ырасташты.

Мындан кийин өзбекстандык дипломаттар ооган өкмөтү, АКШ, Кытай, Орусия жана Эл аралык байланыш тобунун, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар кеңешмелерди өткөрүшкөн.

Өзбекстандын тышкы иштер мекемеси Ташкент Орозо айтты майрамдоо маалында ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ок атышууну токтотуу режимин киргизгенин колдорун билдирет.

Бирок “Талибандын” согушкерлери ок атышпоо режимин толук сактаган жок жана ооган өкмөтүнүн анын мөөнөтүн узартуу сунушунан баш тартышты.